Ссылки доступа

Тлеуберди: Орусия Казакстанга коркунуч жараткан жок


Казакстан азыркы учурда Орусия тараптан коркунучтун илебин сезген жок. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

"Азыркы кезде Орусиядан коркунуч же коркутуу көргөн да, сезген да жокпуз. Казакстан Орусия менен чектешет жана чөлкөмдө башка өлкөлөр менен бирге Евразия экономикалык биримдикке, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө. Ошондуктан, ушундай көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында Орусия менен өнөктөш катары катышабыз", - деди Тлеуберди.

Ошол эле маалда министр өлкөнүн Орусия жана Украина менен тарыхый тамыры бар экенин айтты. Ал абал оор экенин, бирок өлкө санкциянын жагымсыз кесепеттеринен оолак болууга аракет кылып жатканын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Астанага жасаган сапарында Кошмо Штаттар Казакстандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айткан.

Блинкен Казакстандын борборунда чөлкөмдөгү беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышкан С5+1 саммитинде Вашингтон Борбор Азияга 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлаган.

АКШнын мамкатчысы Астанага 28-февралга караган түнү келген. Казакстандан кийин ал Өзбекстанга барды, андан ары "Жоң жыйырманын" жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

XS
SM
MD
LG