Ссылки доступа

"Эркиндик – президенттин ырайымы эмес". Мирзиёевдин ЖМК тууралуу билдирүүсү сынга кабылды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жергиликтүү жана чет элдик блогерлер менен. Самарканд, 26-август 2019-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жергиликтүү жана чет элдик блогерлер менен. Самарканд, 26-август 2019-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин "ЖМКларды жабуу боюнча көпчүлүктүн сунушуна карабастан, аларды жаппай турганын" айткан билдирүүсү соцтармактарда кызуу талкууга алынууда.

Медиага жооптуу аткаминерлер менен бийликчил блогерлер Мирзиёевдин 24-февралдагы бул билдирүүсүн сөз эркиндигин колдоо катары сыпаттаса, соцтармак колдонуучулары менен сынчылар Мирзиёевдин сөзү баш мыйзамга каршы келерин билдирүүдө.

"Биз жабык өлкө болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдобогондуктан, элдин үнүн уга албадык. Эркиндиктин деми жагабы? Мага жагат. Ооба, мындай иштөө кыйыныраак болуп жатат. Мага: "Жабыңыз" деп айтышат. Бирок мен жаппайм. Мурункудай прокурор менен Улуттук коопсуздук кызматы текшерүүгө алууга тийишпи? Биз максатыбызга жеттикпи?", - деген президент ЖМКлар менен "достошуу” зарыл экенин белгилеген.

Айрым активисттер президент бул сөздөрдү чын жүрөктөн айтканына ынанышкан жок. Себеби анын билдирүүсү өлкөдө журналисттер менен блогерлер ар түрдүү айыптар менен камалып жаткан маалга туш келди.

"Бүгүн президент кайрадан басма сөз эркиндигин колдой турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, жалпыга маалымдоо каражаттарына эркиндик берүү – элге ырайым жасоо экен. Ал бизге "одолжение" кылып жаткандай. Эгер кайсы бир өлкөдө мамлекет башчы басма сөз эркиндиги жөнүндө кеп кылса, демек ал өлкөдө ЖМКлар эркин эмес", – деп жазды Би-Би-Синин журналисти Ибрат Сафо.

Анын пикиринде, ЖМКлар мамлекет башчынын мээриминен көз каранды болбой, дайыма эркин болушу керек.

Өзбекстанда соңку айларда ондой журналист жана блогер кармалды. Алардын арасында мамлекеттик органдардын маалымат кызматынын жетекчилери да бар. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Human.uz сайтынын негиздөөчүсү Хуршид Далиев жана Жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыздоо министрлигинин басма сөз катчысы Мавжуда Мирзаева Kompromatuzb Телеграм-каналынын иши боюнча кармалганын кабарлаган. Андан көп өтпөй коррупцияга каршы билдирүүлөрү менен белгилүү блогер Абдукодир Муминов "опузалоо" жана "алдамчылык" айыбы менен кармалган.

Акыркы алты жылдан бери президент Мирзиёев бир да жолу жергиликтүү же чет элдик басылмаларга интервью бере элек.

XS
SM
MD
LG