Ссылки доступа

Ташкентте өзбек-америка сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жолугушуусу өттү.

Жергиликтүү ЖМКлар 1-марттагы сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү жабык өткөнүн кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзбек-америка стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле Өзбекстандын кадрдык потенциалын жогорулатуу, Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту бекемдөө сыяктуу бир катар маселелер боюнча күч-аракеттерди бириктирүү чечими кабыл алынды.

Блинкен Ташкентке Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда С5+1 форматында өткөн Астанадагы саммиттен кийин барды. Бул анын мамлекеттик катчы кызматына дайындалгандан кийинки Өзбекстанга жасаган алгачкы сапары болуп калды.

Мамлекеттик катчы Астанадагы саммитте АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн Москвага болгон көз карандуулугун азайтууга көмөктөшүп, иш орундарын түзүү үчүн 25 миллион доллар бөлөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG