Ссылки доступа

Казакстан: Вице-министр "Байтерек" ишканасына санкция салуу коркунучу жок экенин билдирди


Батыш өлкөлөрү казак-орус биргелешкен "Байтерек" ишканасына санкция киргизет деген коркунуч жок. Бул тууралуу Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр-жай министринин орун басары Малик Олжабеков билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын жаңы, 10-пакетине кирген Орусиянын мамлекеттик космикалык илимий-өндүрүштүк борбору "Байтерек" ишканасынын акцияларынын 2 гана пайызына ээлик кылат. Калган 98% Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк жана мечиктештирүү комитетине таандык.

"Түзүүчүлөрдүн келишимине ылайык, ишкана өз акционерлеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт", –деди Олжабеков.

Күн мурун Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Астана шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугуп, бүгүнкү күндө экинчи санкцияларга кабылган казакстандык компаниялар жок экенин билдирген.

Казак-орус биргелешкен "Байтерек" ишканасы 2005-жылы Байкоңурда жаңы муундагы ракеталык комплекст куруу боюнча башкы оператор катары түптөлгөн. Анда Астана менен Москва космикалык аппараттарды "Протондордун" ордуна кыйла экологиялык ракеталар менен учуруу боюнча биргелешкен пландарын билдиришкен. Бирок орус-казак космикалык ракеталык комплексинин курулушу бир нече жолу кийинкиге жылдырылган. 2021-жылдын аягында Казакстан Орусия менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялаган. Ага ылайык, биргелешкен ишканадагы казак тараптын үлүшү 99% чейин көбөйтүлгөн.

XS
SM
MD
LG