Ссылки доступа

Блинкен Каркалпакстандагы кан төгүүнү иликтөө маанилүү экенин билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-мартта Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолукту.

Жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Блинкен өткөн жылдын июль айында Каракалпакстанда болгон тополоңдо тартип коргоо органдары тарабынан адам укуктары бузулганы боюнча айыптоолорду толук жана ачык иликтөө маанилүү экенин билдирди.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алып салуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Акциялардан кийин президент Шавкат Мирзиеев жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу берене өзгөртүлбөсүн билдирген. Ошол кезде ал аты аталбаган чет элдик күчтөрдү баш аламандыктарды уюштурду деп айыптаган.

Өзбекстанга чейин Блинкен Астанада Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен саммитке катышкан. Өзбекстандагы сапарынан кийин ал "Чоң Жыйырманын" саммитине катышуу үчүн Индияга жол тартты.

XS
SM
MD
LG