Ссылки доступа

АКШ өзөктүк келишимдин келечегин Украина менен байланыштыруудан баш тартты


Нед Прайс
Нед Прайс

Кошмо Штаттар Орусия START-3 келишиминин шарттарын аткарса эле Украинага жардам берүүнү азайта койбойт. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Нед Прайс билдирди.

Мурда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШ Украинага карата “жүрүм-турумун” өзгөрткөндөн кийин гана Орусия стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимине катышууну токтоткону жөнүндө чечимин кайра карап чыгарын билдирген.

"Орусиянын туруксуздукка көмөктөшүүгө жана жоопкерсиз өзөктүк риториканы колдонууга даярдыгы бардык өлкөлөргө коркунуч туудурат. Орусиянын START-3 келишимин токтоткону АКШнын Украинага колдоо көрсөтүүсүнө таасирин тийгизбейт", - деп баса белгиледи Нед Прайс.

Мамдепартаменттин өкүлүнүн айтымында, АКШ менен Орусия келишимдин тагдыры тууралуу пикир алышкан, бирок START-3 боюнча жаңы эч нерсе айтылган жок.

Былтыр декабрда Кошмо Штаттар Орусияны START-3 келишиминде каралган континенттер аралык баллистикалык ракеталарды өз ара текшерүүнү жандандыруу шарттары боюнча кеңешмелерди баштоого чакырган. Текшерүү COVID-19 пандемиясына байланыштуу токтотулган. Орусия кеңешмелерден баш тартып, февраль айынын аягында Владимир Путин келишимдин токтотулганын жарыялаган. Дума жактырган чечим Батышта кескин сынга кабылган.

START-3 – континет аралык баллистикалык ракета баштаган өзөктүк дүрмөттүү куралдардын башка тибин да жок кылууга багытталган келишим.

XS
SM
MD
LG