Ссылки доступа

Депутат өлкөдө электрондук чылымга тыюу салууну сунуштады


Ташиев
Ташиев

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев  парламенттин 2-марттагы жыйынында өлкөдө электрондук чылымга тыюу салууну сунуштады.

Эл өкүлү электрондук чылымды кыздар колдонуп жатканына кабатыр болуп жатканын билдирди.

Ташиевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги жана башка ведомстволор түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандарга электрондук чылымдын зыяяны жөнүндө маалымат бериши керек.

“Электрондук чылымдарды Кытайдан алып келишет, анын курамы белгисиз. Ар бир экинчи кыз чегет. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде кароо керек”, - деди Ташиев.

Электрондук чылымга тыюу салуу маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу талкууланган. 2022-жылы ноябрда Улан Бакасов электрондук чылымдарды жана вейптерди сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеген.

XS
SM
MD
LG