Ссылки доступа

Польша тажикстандык журналистти коргоого алуудан баш тартты


Саиданвар Сулаймонов
Саиданвар Сулаймонов

Польшада жашаган тажикстандык журналист Саиданвар Сулаймонов Тажикстанга депортациялануудан коркуп жатканын билдирди. Ал саясий көз карашы жана Бадахшандагы окуялар менен активисттердин камалышы жөнүндө жазганы үчүн жаза күтүп турат деп эсептейт.

20-февралда Польша бийлиги активистке кат жолдоп, өмүр баянында мекенине кайтса коркунуч жарата турганын далилдеген кандайдыр бир фактыларды көрбөгөнүн кабарлаган.

Саиданвар Сулаймонов 2008-жылдан тарта Орусияда жашаган. Кийин Алексей Навальныйды колдогон акцияга катышканы үчүн жумуштан айдалган.

Мындан кийин ал Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун жана 2021-жылдан бери Польшада жашап, иштеп жүргөнүн айтат. Польшада ал журналист болуп эмгектенет жана Украина менен чек арада ыктыярчы катары качкындарга жардам берүүдө.

Саиданвар Сулаймонов Польша бийлигине кайрылып, аны коргоого алуу жөнүндө чечимди кайра карап чыгууну сурады.

XS
SM
MD
LG