Ссылки доступа

Индияда Блинкен менен Лавров 10 мүнөттөй сүйлөштү


АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  Индияда өтүп жаткан “Чоң жыйырмалыктын” алкагында сүйлөштү.

Бул алардын Орусия Украинага кол салгандан берки алгачкы жолугушуусу болду.

Reuters менен New York Times Мамдепартаменттин өкүлүнө шилтеме кылып билдиргендей, алардын сүйлөшүүсү он мүнөткө созулду. Жолугушуу тууралуу алдын ала айтылган эмес.

Маалыматка караганда, Блинкен Лавров менен сүйлөшүү учурунда АКШ Украинаны колдоону уланта берерин айтып, Орусияны өзөктүк куралды чектөө келишимине кайтууга, орус түрмөсүндөгү америкалык Пол Уиланды бошотууга үндөдү.

Reuters өз булагына шилтеме берүү менен жолугушууда Орусиянын жакын арада багытын өзгөртүү ниети байкалбаганын белгиледи.

Жолугушуу учурунда Лавров эмне жөнүндө айтканы белгисиз. Орусия ТИМи толук кандуу сүйлөшүү болбогонун кабарлады.

G20 жыйынынын катышуучулары Орусия менен Кытайдын позицияларынын улам биргелешкен билдирүү боюнча макулдашкан жок. Саммитте негизинен экономикалык маселелер, анын ичинде Украинадан да экспортоо маселеси жөнүндө сөз болду. Ошол эле маалда Индия дүйнөдөгү ири экономикаларды бириктирген G20 өлкөлөрүнүн көбү согушту айыптаганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG