Ссылки доступа

8-мартта Бишкекте аялдар жүрүшү өтөт


8-мартта Бишкектеги Спорт ордосунун алдында гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик жүрүшү өтөт. Бул тууралуу "8/365" феминисттик кыймылы билдирди.

Кыймылдын маалыматына караганда, коомдук жайларда аялдарга асылган учурлар көбөйүүдө, милиция менен сот "аялдарга каршы кылмыштарга көз жумуп коюп", натыйжалуу иштебей жатат.

"Аялдар менен эркектердин ортосунда маянанын айырмачылыгы 30% түзөт. Бала бакчалардын жетишсиздигинен аялдар балдар менен үйдө отурууга аргасыз же аралыктан иштеп, түйшүгү эки эсеге көбөйүүдө. Гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам иштебейт. Атүгүл мамлекеттик башкарууда министрлердин арасында эки гана аял бар. 7 облуста, 40 райондо, 32 кичи шаарда жана 453 айыл өкмөтүндө бир дагы жетекчи аял жок", - деп белгилешти жүрүштүн уюштуруучулары.

Феминисттик кыймылдын өкүлдөрү аялдарга зомбулук көрсөткөндөргө кылмыш жоопкерчилигин көрсөтүүнү, ар бир аймакта кризистик борборлорду ачууну жана сөз эркиндигине кысым жасоону токтотууну талап кылууда.

2022-жылы 8-мартта Бишкек жана Ош шаарларында тилектештик жүрүшү өтүп, катышуучулар адам укуктарын жактаган билдирүүлөрдү жасап, Украинадагы согушка каршы чыгышкан.

2020-жылы өткөн жүрүштө акциянын каышуучуларына белгисиз кишилер кол салып, милиция жүрүштүн уюштуруучуларын кармаган.

Тынчтык жана аялдардын коопсуздугу индексинин (WPS) 2021-жылдагы рейтингинде Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө катары аныкталган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы укук коргоо органдары аялдарга зомбулук көрсөтүүгө байланышкан 6580 кылмыш ишин козгогон. Бирок алардын 270и гана сотко жеткен.

XS
SM
MD
LG