21 жаштагы Сардор Рахмонкулов Telegram аркылуу классташына диний билдирүү жөнөткөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык соттун жыйынтыгы менен 2-мартта ал эркиндикке чыкты.
Жогорку соттун билдирүүсүндө чечим "коомчулуктун талкуусуна эмес, мыйзамда каралган калыстык жана адап-ахлактык жактан кайра тарбиялоо принциптерине негизделгени" айтылат.
Диний комиссиянын бүтүмүнө ылайык, Сардор Рахмонкулов 3 жыл мурун классташына жөнөткөн диний ыр (нашида) "диний-фундаменталисттик" чыгарма деп табылган.
Рахмонкулов жети ай тергөө абагында отуруп, быйыл 30-январда 5 жылга эркинен ажыратылган.
Бул окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Жаштар иши боюнча агенттиктин башчысы, сенатор Алишер Саъдуллаев ишти карап чыгып, жаш жигитке жардам берерин айткан.