Ссылки доступа

Каракалпакстандык активисттин "Казакстанда башпаанек издеген адам" макамы узартылды


Өзбекстанга экстрадициялоо маселеси чечилгенге чейин Казакстанда бир жылга камакка алынган каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашеванын "Башпаанек издеген адам" макамы 2023-жылдын 3-июнуна чейин узартылды. Бул тууралуу Актөбө облусунун Социалдык программалар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия кабыл алды.

Казак мыйзамдары "Казакстанда башпаанек издеген адам" макамы барларды башка өлкөлөргө экстрадиция кылууга жол бербейт.

Тлеубике Юлдашева быйыл 13-ноябрда Орусияга чыгып кетер алдында Актөбө облусундагы "Жайсан" көзөмөл-өткөрмө бекетинде кармалган. Казак чек арачылары ал эл аралык издөөдө экенин айтып, өлкөдөн чыгарбай коюшкан. 16-ноябрда Актөбө облусундагы Мартук райондук соту аны 40 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Өткөн жылы декабрдын соңунда анын камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 13-ноябрына чейин узартылган.

2022-жылы жайында Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Юлдашевага "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу" беренеси боюнча айып таккан. Ошол эле жылы сентябрь жана октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашап жүргөн дагы төрт каракалпакстандык активист – Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Активисттердин тарапташтары алардын жапырт кармалышын 2022-жылы июлдун башында болгон Каракалпакстандагы окуяларга байланыштырышкан.

Укук коргоочулардын айтымында, Юлдашева 2020-жылдын башынан бери Казакстанда туруктуу жашап келген. Ал мекенинде саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экенин айтып, саясий башпаанек берүү өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылган.

Октябрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин өлкөдө кармалган каракалпакстандык активисттерди Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. HRW Өзбекстанда алар саясий негиздер менен камакка алынып, кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Июлдун башында Өзбекстан Конституциясынын жаңы долбоорундагы Каракалпакстандын суверендүү макамын алуу сунушуна байланыштуу Нукус шаарында жана автоном республиканын башка бир нече аймагында жапырт нааразылык акциялар башталып, алар күч менен таркатылган.

Өзбекстандын бийлиги бул окуялар маалында 18 киши өлүп, 243ү жараат алып, 500 адам кармалганын билдирген. Активисттер чынында каза болгондор кыйла көп болгонун, Нукус шаарынын өзүндө эле эки күндүн ичинде 300дөн ашык киши өлтүрүлүп, миңден ашыгы жарадар болуп, он миңдеген адам кармалганын айтышкан.

Нааразылык акциялардан кийин Өзбекстандын парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Эл аралык уюмдар менен бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү Ташкентти адилеттүү тергөө жүргүзүүгө жана тынч акция катышуучуларына карата зомбулук көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырышкан.

Өткөн айда Бухара шаардык соту Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу кармалган активист Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Дагы 17 киши үч жылдан сегиз жарым жылга чейин соттолгон. Мындан тышкары учурда уланып жаткан дагы бир сот отурумунда прокурор 39 айыпталуучуну узак мөөнөттөргө эркинен ажыратууну өтүнүүдө.

XS
SM
MD
LG