Ссылки доступа

Тажикстанда китеп окуу үчүн тиркеме иштелип чыкты


Тажикстандык программист Мухаммад Ганизода китеп окууга ылайыкталган тиркеме иштеп чыгып, аны Play Market'ке жүктөдү.

Тажик улуттук университетинин Социология факультетинде окуган Ганизода программалоо ал үчүн хобби экенин, бул ишти алгач жөн гана өзүнүн чоң атасынын чыгармаларын программага киргизүү менен баштаганын билдирди.

21 жаштагы программист учурда белгилүү тажик акыны Кожо Хусайн Кангуртинин ырларын электрондук форматта иштеп чыгуу менен алектенүүдө. Анын айтымында, бир китепти иштеп чыгып, Play Market'ке чыгарууга болжол менен эки айга чейин убакыт коротот.

"Тиркеменин жардамы менен дүйнө жүзүндөгү адамдар бекер китеп окуса болот. Китеп Тажикстанда басылып чыкса көп адамга жетпей калат. Тиркемеде болсо каалаганча жүктөп алууга мүмкүнчүлүк бар", – деди Ганизода.

Ал бул ишине акчалай көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен бир катар мекемелерге, анын ичинде Жазуучулар бирлигине кайрылганын, бирок эч кандай майнап чыкпаганын кошумчалады.

"Азыр бул ишимден эч кандай акчалай пайда көрбөйм. Ошол эле маалда менин максатым – жаштарды патриоттуулукка үйрөтүүгө түрткү боло турган китептердин электрондук форматын даярдоо", – деди жаш программист.

Бүгүнкү күнгө карата Мухаммад Ганизода тажик акындарынын 60ка жакын чыгармасын иштеп чыгып, Play Market'ке жүктөдү. Ал бул ишин улантууну каалайт, бирок азырынча жардам жана инвестициясыз канчага барары белгисиз.

XS
SM
MD
LG