Ссылки доступа

Казакстандын түрмөлөрү менен полиция бөлүмдөрүнө милдеттүү түрдө видеокөзөмөл киригизилет


Казакстандагы пенитенциардык мекемелерде – түрмөлөрдө, тергөө абактарында, полициянын кызматтык жайларында жана тергөө бөлүктөрүндө видеокөзөмөл системаларынын иштөө эрежеси бекитилди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Видеокөзөмөл системасы жеке гигиеналык жайлардан башка жерлердин баарына орнотулат.

Мындан тышкары реалдуу убакыт режиминде видео жазууларды көрүү жана укук бузууларды ооздуктоо боюнча оперативдүү чараларды кабыл турган адамдардын тизмеси түзүлөт.

Видеожазуулар адвокаттар, жабырлануучулар, шектүүлөр, соттолуучулар, соттор жана башка органдар тарабынан да далил катары колдонулушу мүмкүн.

Казакстанда кыйноо колдонулганын далилдей турган видеокөзөмөл камераларынын жоктугу Январь окуяларынан кийин байма-бай айтылып келет.

Бул өлкөдө кыйноо иштери сотко өтө сейрек жетет. Укук коргоочулар абактагы өкүмзордук жазасыз каларын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG