Вайнердин өлүмү соцтармактардын өзбек контентинде кызуу талкууланууда.
5-мартта Маннопов мурдуна операция жасаткан. Операцияга 20 мүнөт калганда ал соцтармактарга видео жарыялап, бассейнде сүзүп жүргөндө мурдунан жараат алганын, дарылоо үчүн дарыгерлерге кайрылганын билдирген. Маалыматка караганда, вайнер анестезия ашыра колдонулгандан улам көз жумган.
5-мартта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы дарыгердердин иши иликтенип жатканын кабарлаган.