Ссылки доступа

Экибастуз тургундарына февраль үчүн жылуулукка 70% жеңилдик берилет


Жылуулук электр борборундагы жана магистралдык түйүндөрдөгү ири авариядан улам кышы бою жылуулуксуз калган Экибастуздун тургундарына февраль айы үчүн 70% жеңилдик берилет.

Соцтармактардагы билдирүүлөргө караганда, шаар тургундары «Экибастузтеплоэнерго» компаниясынын сунушуна макул эмес. Алардын айтымында, батирлер дагы деле муздак, монополисттин кызматы үчүн 30% төлөм да көптүк кылат.

Жарандар электр жылыткычтарын колдонууга аргасыз. Ага жараша акчасы да көп чыгып жатат.

Былтыр ноябрь айынын аягында шаардын Жылуулук электр борборунда жана жылуулук магистралында ири авария болгон. 30 градустук аязда экибастуздуктар жылуулуксуз калган. Өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондон бери жылуулук жеке жана көп кабаттуу үйлөргө төмөндөтүлгөн параметрлер менен берилип келет.

XS
SM
MD
LG