Ссылки доступа

Мирзиёев Конституциянын акыркы варианты менен таанышты


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-мартта Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары, сенаторлор жана Жогорку соттун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Жыйында Конституцияга өзгөртүү жана толкуктоо киргизүү боюнча келип түшкөн сунуштар талкууланды.  

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, депутаттар коомчулуктан келип түшкөн 200 миңден ашуун сунушту карап чыгышкан жана эл аралык тажрыйба эске алынган.

Анын жыйынтыгында Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун акыркы варианты даярдалды.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору былтыр 25-июнда жарыяланып, коомдук талкууга 10 күн берилген. Бирок Конституциянын жаңы редакциясында Каракалпакстандын суверендүү статусу жана республикадан бөлүнүү укугу жоюлганына байланыштуу 1-2-июль күндөрү Нукустагы нааразылык акциялары башаламандыкка айланган. Буга байланыштуу талкуу мөөнөтү 1-августка чейин узартылган.

Мыйзам долбоору даяр болгондон кийин өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөрү айтылды. Расмий күнү жарыялана элек референдумда президенттик мөөнөттүн 5 жылдан 7 жылга узартылышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG