Ссылки доступа

Сот "Азаттыктын" Маданият министрлигинин чечимине каршы арызын четке какты


Бишкектин административдик соту 7-мартта "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок.

Бүгүнкү процессте тараптардын жарыш сөзү болду. "Азаттык Медианын" жактоочулары сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгиледи. Жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды.

Министрликтин өкүлдөрү "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгө негиз болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн сайты бөгөттөө улантылып жатканын айтты. Алар видеоматериалда бейтараптуулук сакталганын белгилеп, бирок тажик тарап басымдуулук кылганын жүйө кылды.

"Азаттыктын" адвокаттары Бишкектин административдик сотунун чечимге каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрылат.

Аталган министрлик 26-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун дагы бир кызматы - "Настоящее время" телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

XS
SM
MD
LG