"Кечээ күйөөм менен телефондо сүйлөштүм. Ал саламаттыгы, кармоо шарттары жакшы экенин айтып, бирок кандай айып тагылып жатканын билдирген жок", – деди Пирова.
Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Ички иштер министрлиги аларда Абдулло Шамсиддиндин кайда экени боюнча маалымат жок экенин билдиришкен.
Германияда 2009-жылдан бери жашап келген 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине 18-январда депортацияланып, андан бери анын кайда экени белгисиз болуп жаткан. Атасы Шамсиддин Саидов буга уулунун өзү жөнүндө немис бийлигине туура эмес маалымат бергени себеп болгонун билдирген.
"Ал Германияга достору менен чогуу келген. Эмнегедир алар немис бийлигинен өздөрү тууралуу чыныгы маалыматтарды жашырып коюшкан. Маалыматтарды туура көрсөтсө тажик бийлиги алардын кайда жүргөнүн билип калып, Тажикстандагы жакындарын куугунукташы мүмкүн деп ойлошуптур. Ошондуктан бирөө ысымын өзгөртсө, башкалары фамилиясын, туулган жылын алмаштырып жазган", – деген Саидов.
Кезинде "Ислам кайра жаралуу партиясынын" негиздөөчүсү Саид Абдулло Нуринин жардамчысы болгон Саидов өзү 2018-жылы Хатлон облустук соту тарабынан сыртынан 15 жылга соттолгон.
Буга чейин чет өлкөлөрдөгү тажик оппозиция өкүлдөрүнөн куралган "Тажикстандын улуттук альянсы" эгер Абдулло Шамсиддин мекенине депортацияланса, ал түрмөгө камалып, кыйноого кабылышы мүмкүн экенин билдирген.
Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясы" террордук уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин анын көптөгөн мүчөлөрү Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга барып, башпаанек алышкан.