Ссылки доступа

Шинжаңда түрмөдө отурган этникалык казак Бакытхан Мырзан каза болгону кабарланды


Бакытхан Мырзандын карындашы Алмахан Мырзан
Бакытхан Мырзандын карындашы Алмахан Мырзан

Кытайдын Шинжаң аймагында абакта отурган этникалык казак жана дин изилдөөчү Бакытхан Мырзан 61 жашында каза болду. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы анын жакындарына шилтеме кылып кабарлады.

Мырзандын каза болгонун Казакстанда каттоодон өтпөгөн "Нағыз Атажұрт еріктілері" кыймылынын активисти Серикжан Билаш да Twitter'га жазды.

Буга чейин Бакытхан Мырзандын карындашы Алмахан Мырзан Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына далай жолу пикетке чыгып, расмий Бээжинди агасын бошотууга жана Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүгө чакырган.

Кытайдын Казакстандагы элчилиги Мырзандын каза болгону жөнүндөгү кабарлар боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыктын" журналисттерине бул маалыматты тактап, кийинчерээк кабар берүүнү убадалады.

Буга чейин Алмахан Мырзан агасы 2018-жылы диний жөрөлгөнү ишке ашырганы үчүн 14 жылга соттолгонун билдирген. Анын Кытайда жашаган жакындары түрмөдө Бакытхан Мырзандын саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларда негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Аларда 1 миллионго чейин адам бар экени айтылып жүрөт.

Кытай бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы аракеттерин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш деп атап келет.

XS
SM
MD
LG