Ссылки доступа

Ташкентте орусиялык журналист Александр Нечаев каза болду


Ташкент шаарында 36 жаштагы орусиялык журналист Александр Нечаев каза болду. Бул тууралуу ал башкы редакторлук кылган "Бюллетень кинопрокатчика" Telegram-каналы кабарлады.

"Комсомольская правда" басылмасынын кабарчысы Денис Корсаковдун айтымында, Нечаев Ташкентке релокант катары эмес, 1-2 ай жашап туруу үчүн барган. Апрелдин аягында кайра Москвага кайтууну пландап жаткан.

"Нечаев 6-марттан бери телефон чалуубузга жана билдирүүлөрүбүзгө жооп бербей калды. Кечинде кинобизнес тууралуу ири профилдик басылма эсептелген "Бюллетень кинопрокатчика" журналынын кезектеги номурун чыгарган жок. Мындай эч качан болгон эмес, ал жумушуна өтө жоопкерчилик менен мамиле кылчу. 7-мартта полиция кызматкерлерин жана батирдин ээсин ээрчитип барган Ташкенттеги тааныштарым анын сөөгүн табышкан. Азырынча ага эмне болгону белгисиз. Жүрөгү кармаган сыяктуу", – деди Корсаков.

Журналист Александр Нечаевдин өлүмүн Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да ырастады.

"Соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу коркутундусуна ылайык, Нечаев жүрөк оорусунан улам каза болгон. Анын денесинен эч кандай тактар, жаракаттар табылган жок. Тергөө иштери уланууда", – деп жазылган мекеменин расмий билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG