Ссылки доступа

Сардаба суу сактагычында техногендик катастрофа коркунучу сакталууда


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сардаба суу сактагычындагы дамба жырылган жерде
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сардаба суу сактагычындагы дамба жырылган жерде

Өзбекстандын Жогорку соту Сардаба суу сактагычында 2020-жылдын 1-майында болгон техногендик кырсыктын кесепеттери боюнча кылмыш ишин апелляциялык инстанцияда карап жатат. Бул тууралуу "Оздолик" радиосуна ысымын атабоону өтүнгөн прокуратура өкүлү билдирди.

Сот жообуна "Өзбекстан темир жолдору" ачык акционердик коомунун Гидротехникалык курулуштар боюнча дирекциясынын 29 кызматкери тартылууда.

Аларга биринчи инстанциядагы сот ири өлчөмдөгү айып пул төлөө, эркиндигин чектөө жана түзөтүү жумуштары сыяктуу жазаларды берген. Соттолуучулардын баары өкүмгө нааразы болушуп, жогорку баскычка даттанууну чечишкен.

Доо арызды кароо 2022-жылы декабрда башталган, бирок андан кийин суукка жана башка себептерге байланыштуу узакка тыныгуу жарыяланган.

"Сот ири техногендик кырсыктын себептери, гидротехникалык курулуштун туура эмес долбоорлонушу жана курулушу, ошондой эле кырсыктын кайталанышы мүмкүндүгү боюнча көрсөтмөлөрдү угуп жатат", - деди прокуратура кызматкери.

Өзбекстандын Республикалык соттук-экспертиза борбору түзүмдүн долбоорлоодогу кемчиликтер, курулуштун бүтпөгөнү жана Сардаба суу сактагычы дагы деле кооптуу абалда экени боюнча өз корутундусун чыгарган.

Өзбекстандын Жогорку соту 2021-жылдын 10-майында Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча 19 жаранга өкүм чыгарган. Экинчи сот жараяны Ташкент шаардык сотунда жабык режимде өткөн. 2022-жылы 12-сентябрда сот 29 айыпталуучуга өкүм чыгарган. 3-октябрда 23 айыпталуучуга байланыштуу үчүнчү соттук териштирүү аяктаган.

2020-жылы 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычындагы жарылуудан алты адам каза болуп, 70 миңге жакын адам эвакуацияланган. Расмий маалыматтар боюнча 2570 жеке турак жай жана 76 көп кабаттуу үй талкаланган.

Суу сактагычтын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу демилгеси Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 404,4 млн. доллар сарпталган.

XS
SM
MD
LG