Ссылки доступа

Казакстанда коммуналдык ишкананын жумушчулары нааразылыкка чыгышты


Казакстандын Улытау облусунун борбору Жезказган шаарында “Жылуулук жана суу менен камсыздоо ишканасынын” 60тай жумушчусу тынч нааразылык акциясына чыкты.

Алар болжол менен төрт саат тышта турушуп, жумуш иштөөдөн баш тартышты. Нааразы тарап каржы маселесин чечүүнү жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылышты. Жумушчулар компаниянын куру убадасынан чарчашканын айтышты.

Нааразылык акциясында полиция менен шаар акимчилигинин өкүлдөрү да болду. Алар жумушчулардын демилгечил тобун ичкери кирүүгө жана маселелерди талкуулоого чакырды. Калгандары тышта күтүшүп, күндүн экинчи жарымында гана иш орундарына кайтышты. Бирок алар компаниянын башкы директору менен кездешүүнү талап кылышты.

– Биз аларга ультиматум коебуз: директор менен эсепчи жумушун бошотуп, биздин маселебизди чечсин. Антпесе баарыбыз жумуштан кетебиз. Сабыр түгөндү. Пенсиялык, социалдык төлөмдөрдөн, медициналык камсыздандыруудан акча кармап калышууда. Бирок үч айдан бери эсепке которушкан эмес. Анын кесепетинен каттоодо тургандар да дарылана албай калды. Арабызда кант диабети менен ооругандар бар, алар инсулин ала албай жатат,- деди атын атагысы келбеген жумушчулардын бири.

Жумушчулар нааразылыкка чыкканга чейин жетекчиликке жана кесиптик кошуунга да кайрылышкан, маселе чечилген эмес.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы ишкананын жетекчиси менен байланышты. Анын айтымында, компания медициналык камсыздандыруу, пенсиялык жана социалдык төлөмдөр боюнча жумушчуларга 127 миллион теңге карыз.

– Көйгөй бар, аларды чечүү керек. Медициналык камсыздандыруу жана пенсиялык фондго былтыр декабрдан бери төлөм жүргүзүлө элек. Салык да төлөнө элек, себеби эсеп тоңдурулган. Бул маселелерди айдын соңуна чейин чечебиз деп ойлойм, – деди ишкананын директору Ахметолла Мырзалиев.

Аталган ишкана “Казакмыс” корпорациясынын башкаруусунда.

Былтыр декабрда да жумушчулар нааразылык акциясын өткөрүшүп, маянаны 100% көбөйтүүнү талап кылышкан. Анда тараптар бир пикирге келген. Маселен, 2023-жылдын февраль айынан баштап айлык 85 миң теңгеге (190 доллар) көбөйгөн. Буга кошумча 30 миң теңге көлөмүндө бир жолку сыйакы, 13-айлык төлөнүп берилмей болгон.

Ишканада 700гө чукул киши иштейт. Компания негизинен жылуулук энергиясын бөлүштүрүүгө жана берүүгө, иче турган жана сугат суу менен камсыздоого жооптуу.

XS
SM
MD
LG