Ссылки доступа

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү пландалууда


Казакстан парламентинин Сенаты турмуш-тиричиликте жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карады.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, өзгөртүүлөр кабыл алынса ден соолукка орто жана оор зыян келтирүү үчүн жаза катаалдашат.

Азыркы мыйзамдар боюнча үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөр үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат. Жаңы документте жаза мөөнөтүн 6 жылдан 10 жылга чейин көбөйтүү сунушталууда.

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук олуттуу көйгөй бойдон калууда. Статистикага ылайык, казакстандык аялдардын көбүнө күйөөсү же өнөктөшү күч колдонот. Жыл сайын полицияга зомбулук учурлары боюнча 100 миңдеген билдирүүлөр келип түшөт.

Казакстан ИИМинин маалыматына караганда, былтыр 10 айдын ичинде ден соолукка орто жана оор зыян келтирүү боюнча 794 иш козголгон, 93 аял көз жумган. Жыл башынан бери үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан 18 киши өлдү. Расмий статистика чыныгы көрүнүштү чагылдырбайт: жабырлануучулар полицияга кайрылбаган же арыздары кабыл алынбаган учурлар көп.

XS
SM
MD
LG