Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы Конституция боюнча референдум 30-апрелде өтөт


Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы 10-мартта Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдум өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Түз эфирде көрсөтүлгөн жыйында 132 депутат токтомдун кабыл алынышына "макул", 2 депутат "калыс" деген добуш берсе, 3 депутат добуш берген жок.

Жыйын учурунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумдун датасы бекитилди. Референдум 30-апрелде өтөт.

Мурда кабарлангандай, Конституциянын беренелери 128ден 155ке чейин көбөйтүлүп, тексти 65% өзгөртүлөт.

Жаңы Конституция кабыл алынса, президенттин мурдагы эки мөөнөтү жоюлуп, ал үчүнчү жолу шайланууга мүмкүндүк алат.

Баш мыйзамда бир адамдын белгилүү бир кызматка экиден ашык мөөнөткө катары менен шайлануусуна тыюу салган норма киригизилет. Бул эреже өлкө президентине, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикерине, Сенат төрагасына жана башкаларга тиешелүү болот.

Ошол эле маалда Конституциянын Каракалпакстанга тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан республиканын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза таап, 243 адам жараат алганын жана 500дөн ашуун киши кармалганын билдирген.

1995-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов шайлоо өткөрбөстөн бийликте дагы бир мөөнөткө калган. 2002-жылы Конституция азыркыдай эле өзгөртүлүп, президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылган.

XS
SM
MD
LG