Мекеменин билдирүүсүндө шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясын эки өлкөнүн атайын кызматтары биргелешип жүргүзгөнү белгиленген.
Маалыматка караганда, 28-февралда УКМКга Кыргызстандын О.С.Т. аттуу жараны кайрылып, бир тууган агасы беш айдан бери Өзбекстандын аймагында белгисиз кишилердин барымтасында отурганын билдирген.
"Кармалган Наманган облусунун тургундары былтыр 23-октябрда О.Т.Т. аттуу кыргыз жаранын алдап, Жалал-Абад обласунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан "Баймак" өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга алып өтүп кеткени аныкталды. Аны беш ай барымтада кармап, бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар акча талап кылышкан", - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.
Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында быйыл 7-мартта барымтада отурган кыргыз жараны мекенине жеткирилип, жакындарына өткөрүлүп берилген.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандын атайын кызматы кармалган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.