Ссылки доступа

Бишкекте кайрадан ККМге каршы митинг өтүүдө


Бишкектеги Максим Горький гүлбагында Талас жана Ысык-Көл облустарынан келген 400гө жакын соодагер митинг өткөрүүдө. Алар өкмөттүн жаңы салык эрежелерине нааразы.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, акция катышуучулары контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга беш жылга мораторий киргизүүнү жана салык эрежелерин жеңилдетүүнү талап кылууда.

Күн мурун Талас шаарында да ишкерлер өкмөттүн ККМ боюнча талабына каршы митингге чыгышкан.

Апта башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде зарыл болсо өкмөт милдеттүү түрдө ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдырышы мүмкүн экенин айткан. Бирок кийинчерээк ККМге каршы митингдер боюнча Facebook баракчасына пикирин жазып, "нааразылык акцияларынан чыныгы пайда көрүүчүлөр – аткезчилик жол менен товар ташыгандар экенин" билдирген.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт. ККМ, ЭТТНден тышкары электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) да кирген.

XS
SM
MD
LG