Ссылки доступа

Өзбекстанда камактагы блогер бешинчи адвокаттан баш тартты


Абдукодир Муминов.
Абдукодир Муминов.

Өзбекстанда камактагы блогер Абдукодир Муминов үй-бүлөсү жалдаган бешинчи адвокаттан баш тартты. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу кабарлады.

Азырынча Муминов адвокаттардын кызматынан өз каалоосу менен баш тартканы же ага басым көрсөтүшкөнү так белгисиз. Бирок "Озодлик" радиосу менен байланышкан адвокаттар ал "кылмыш иши боюнча өзүн-өзү коргой аларына ишенерин" билдиргенин айтышкан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди сындаганы менен белгилүү 33 жаштагы блогер Абдукодир Муминов "Опузалап акча талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча шектелип, быйыл 8-февралда кармалган.

Блогердин апасы Сабохат Абдуллаева уулунун эмне себептен адвокаттан баш тартып жатканын билбей турганын айтууда. Ал Муминов кармалгандан кийин Сурхандарыя облусунан келип, ошондон бери уулун көрө албай жатканын, учурда анын кайсыл жерде кармалып турганы, абалы боюнча маалыматы жоктугун кошумчалады.

21-февралда социалдык түйүндөрдө блогер тергөө учурундагы кыйноолордон улам каза болуп калганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов бул билдирүүлөрдү расмий түрдө төгүндөп, "Муминов тирүү жана саламаттыгы жакшы экенин" айткан.

Бийлик блогердин кармалышы боюнча мындан башка эч кандай маалымат бере элек.

Абдукодир Муминов коррупцияга көңүл буруп, президент Мирзиёевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө олуттуу сын-пикирлерди айтып келгени менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG