Ссылки доступа

Түркмөнстан жашоочулары иттерди жапырт өлтүрүүгө күбө болушту (видео)


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Түркмөнстанда иттерди жапырт өлтүрүү токтой элек. “Азаттык” ит-мышыктарга карата катаал мамиленин жаңы учурларын кабарлоодо. Бул арада жаныбарларды коргоочулар жана камкор жарандар жолбун жандыктар байырлай турган жайларды ачуу үчүн бийликтен уруксат алууга аракет жасап жатышат.

Акыркы күндөрү Түркмөнабад шаарында иттерди жапырт өлтүргөн учурлар кайталанууда. Көп учурда алар ууландырылып жатат. Жолбун эмес, короолордо жашаган иттер да жабыркап калууда.

Жергиликтүү жашоочулар үй жандыктарын, анын ичинде жараат алгандарды сактап калууга аракет көрүшүүдө.

Бул арада Түркмөнстандын борборунда да үй жаныбарларына ырайымсыз мамиле жасалган учурлар жөнүндө кабарлап жатышат.

“Ашхабадда өлгөн мышыктардын көбүнүн көзү оюлган. Бул кадыресе көрүнүш болуп калды”, - деп билдирди жаныбарлардын укугун коргоочу.

Түркмөнабаддыктар “Азаттыктын” түркмөн кызматына өлүм алдында жаткан иттердин бир нече видеосун жөнөтүшкөн.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы 6-7-мартта Химик кичи районунда жашоочулардын, анын ичинде балдардын көзүнчө 15 ит өлтүрүлгөнүн жазды.

Түркмөнабад жашоочулары жолбун жаныбарлар үчүн атайын жай уюштурууга жардам сурап, президент Сердар Бердымухамедовго кайрылышты.

Былтыр жайында Түркмөнстан президенти иттерге ырайымсыз мамиле жасоого тыюу салган мыйзамга кол койгон.

XS
SM
MD
LG