Ссылки доступа

Мариуполдогу тажик мигранттары: "Акча жок, ачка калдык" (видео)


Мариуполь шаарындагы тажик мигранттары
Мариуполь шаарындагы тажик мигранттары

Орусиядан Украинанын оккупацияланган Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине жөнөтүлгөн тажик мигранттары эмгек акылары төлөнбөй жатканына даттанышты.

Мариуполго өткөн жылдын октябрь жана декабрь айларында барган мигранттар Москвага же Душанбеге кетүүгө каражаттары жок болуп жатканын билдирүүдө.

"Жегенге нан калган жок. Бул жерде таза суу сатылат, 1 литри үч рубль. Күн сайын суу сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кол жууй турган сууну ичүүгө болбойт", – деди өзүн Исраил деп тааныштырган мигрант.

Ал Мариуполдо мындай оор абалда калган дагы 300гө жакын миргант бар экенин кошумчалады. Бул шаарда мигранттар согушта кыйраган имараттардын урандыларын тазалап, аларды калыбына келтирүүгө даярдашы керек болчу.

"Бир айдан ашык убакыттан бери жумушсуз, акчасыз отурабыз. Билеттер 3 миң рублдан. Москвага кайтып барууга акчабыз жок. Бул жерде согуш жүрүп жатат. Ачкадан өлбөсүн деп, бизге Тажикстандан акча салып жатышат", - деди Исраил.

Тажикстандык мигранттар Мариуполго Instagram'дагы жакшы айлык сунуштаган жарыялар боюнча барышкан. Аларга жол кире жана бардык шарттары бар жатаканалар бекер болорун жана айына 120 000 рубль (1,6 миң доллар) маяна берилери убадаланган.

Тажик мигранттары бул убадалардын бири да аткарылбаганын, Мариуполдо өздөрү ижарага алган батирлерде жашап, тамак-аш үчүн Тажикстандагы жакындарынан акча суроого аргасыз болуп жатышканын билдирүүдө.

Орусия Украинанын Мариуполь шаарын 2022-жылы май айында узакка созулган салгылашуулардан кийин басып алган. Андан кийин мигранттардын жардамы менен аны калыбына келтирүү иштерин баштаган.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги өз жарандарына согуш жүрүп жаткан аймактарга барбоо керектигин эскерткен.

XS
SM
MD
LG