Ссылки доступа

Ташкентте орус жараны жетинчи кабаттан кулап каза болду


Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Telegram-каналындагы сүрөт
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Telegram-каналындагы сүрөт

Ташкентте Орусиянын жараны жетинчи кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1995-жылы туулган Андрей Ш. аттуу жаран Ташкенттин Мирабад районундагы үйдүн жетинчи кабатынан "секирип каза болду".

Тергөө иштеринин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Бул акыркы он күндүн ичинде Ташкентте Орусиянын жараны каза болгон экинчи учур. Буга чейин шаардагы батирлердин биринде 36 жаштагы орусиялык журналист Александр Нечаевдин сөөгү табылган.

9-мартта Башкы прокуратура Нечаевдин өлүмүнө анын жүрөк оорусу себеп болгонун билдирген.

"Соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу коркутундусуна ылайык, Нечаев жүрөк оорусунан улам каза болгон. Анын денесинен эч кандай тактар, жаракаттар табылган жок. Тергөө иштери уланууда", – деп жазылган мекеменин расмий билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG