Ссылки доступа

Тажикстандагы банктардын кирешеси 11% көбөйдү


Акыркы бир жылдын ичинде Тажикстандагы банктардын кирешеси 11% көбөйүп, 1 миллиард сомониден (91 миллион доллар) ашты. Бул банктардын айрымдарынын президент Эмомали Рахмондун туугандарына же үй-бүлөсүнүн жакындарына тиешеси бар.

Өлкөнүн Улуттук банкы тараткан расмий маалыматка ылайык, салыштырмалуу жакында эле ачылган "Душанбе Сити Банк" өткөн жылы 150 миллион сомони (13,7 миллион доллар) киреше тапкан. Банктын 70% акциясы "Авесто Групп" компаниясына таандык. Бул компаниянын башчысы Мирзо Мухаммад президенттин уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомалинын жакын адамы катары белгилүү.

Өлкөдөгү ири банктардын бири "Ориёнбанк" өткөн жылы 98,4 миллион сомони (9 миллион доллар) киреше тапкан. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 30,3 миллион сомониге аз. "Ориёнбанкты" президенттин кайын иниси Хасан Асадуллозода жетектесе, анын орун басары – президенттин кызы Зарина Рахмон.

"Тажикстандын коммерциялык банкы" былтыр 43 миллион сомони (4 миллион доллар) киреше тапканын билдирди. Юридикалык жактардын бирдиктүү тизмесине ылайык, аталган банкка "Фароз" компаниясы ээлик кылат. Өз кезегинде бул компания президенттин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык.

Өткөн жылы киреше таппаган жалгыз банк "Халык Банк Тажикстан" болгон. Бул банк 1 миллион сомони (91 миң доллар) чыгаша тарткан. Буга чейин банктын акцияларын казакстандык ээлеринен "Тажикстандын эл аралык банкы" сатып алган.

Тажикстанда 15 банк бар. Улуттук банктын маалыматы боюнча мындан тышкары дагы 20 чакан депозиттик уюм жана 26 чакан насыя берүүчү фонддор иштейт. Акыркы жети жылдын ичинде Тажикстандагы төрт ири банк, анын ичинде "Точиксодиротбанк" менен "Агроинвестбанк" банкрот деп табылган.

XS
SM
MD
LG