Караганды сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, "жеке үйдүн короосунда полиция кызматкерлери менен жаңжалдашуу фактысы боюнча" иш каралган. 12-мартта М. аттуу жаран полиция кызматкерлерин үйүнө киргизбей жатканы тартылган видео тараган. Соттун маалымдашынча, полиция кызматкерлери санкциясыз тинтүү жүргүзө турган болгондо жаран алардын "мыйзамдуу аракетине тоскоол болгон, аларды киргизбей эшигин жаап алган".
Полиция кызматкерлери кийин анын колун толгоп, кишен тагышкан. Андан соң короосунда жана үйүндө тинтүү жүргөн.
Соттон билдиришкендей, ошол күнү уурулук тууралуу кылмыш иши катталып, активисттин үйүнүн жанында шектүү автоунаа байкалган. Буга байланыштуу тинтүү тез арада уруксатсыз жүргүзүлгөн. Кийин автоунаа башка кишиге тиешелүү экени аныкталган.
14-мартта өткөн сот отурумунда активист айыптоолорду мойнуна алган жок. Ал полициянын аракетин "мыйзамсыз" деп атады.
Евгений Медведев өзү жашаган аймакта күл төгүүчү жайдын курулушуна каршы чыгып, айылды жашылдандыруу маселесин көтөрүп жүргөн белгилүү активист.