Ссылки доступа

Өзбекстан Орусиянын геосаясий өнөктөштөрүнүн индексине кирди


Британиянын The Economist журналы Москва менен жакын мамилесин улантып жаткан Орусиянын геосаясий өнөктөштөрүнүн индексин түздү. Анда Өзбекстан акыркы 12-орунга жайгашкан.

Басылма түрдүү өлкөлөрдүн дипломатиялык, аскердик жана экономикалык аракеттери боюнча чогулган маалыматтардын негизинде түзүлгөн тизмени "Путиндин досторунун индекси" деп да атады.

Анда Өзбекстан БУУдагы негизги резолюциялар боюнча добуш берүүдө Орусияны колдобогону, ага каршы да болбогону белгиленген. Мындан тышкары Өзбекстан Орусияга курал-жарак жөнөтпөгөнү, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө эместиги, аймагында Орусиянын аскердик базалары жок экени жана 2022-жылдын февралынан бери биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрбөгөнү жазылган.

The Economist'тин маалыматына караганда, Өзбекстан ошондой эле Орусиянын газына көз каранды эмес. Бирок 2022-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн Орусияга экспорту көбөйүп, жалпы соодадагы үлүшү 17,9 пайыздан 18,6% чейин өскөн.

Индексте эң көп упай алган өлкөлөрдүн жарымы негизинен Орусия менен саясий, тарыхый жана географиялык жактан байланышы бар мамлекеттер. Алардын арасында Кыргызстан, Армения, Беларус, Иран, Тажикстан жана Казакстан бар.

XS
SM
MD
LG