Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлер курортко жолдомо сатып алууга мажбурланууда


Аваза
Аваза

Түркмөнстанда аба ырайынын салыштырмалуу суук экенине карабастан бюджеттик кызматкерлер курорттук Аваза аймагына жолдомо сатып алууга мажбурланууда.

"Каспий деңизинин жээгиндеги туристтик Аваза аймагында ар бир облустун аталышындагы атайын мейманканалар бар. Аларды башкаруу жана жабдуу облустардын колунда. Облус бийликтери мезгилдик эмгек өргүүсүнө туура келер-келбесине карабай, бюджеттик кызматкерлерди туристтик аймакка бир жумалык жолдомо сатып алууга мажбурлап жатышат", – деди бюджеттик мекемеде иштеген тургундардын бири.

Ал жолдомонун баасы 700 манатты (расмий курс боюнча 200 доллар) түзөрүн кошумчалады.

Түркмөнстандын бийлиги Аваза аймагында "жакшы эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн" билдирип, буга ар бир облус боюнча сатылган жолдомолордун санын мисал кылып келет. 2021-жылы мамлекеттик ЖМКлар май айына чейин эле эмгек өргүүсү үчүн Аваза аймагына 2 257 жолдомо сатылганын кабарлашкан.

Түркмөн бийлиги Авазадагы Улуттук туристтик аймакта мейманканаларды, аквапарктарды жана башка туристтик объектилерди куруу үчүн миллиондогон АКШ долларын жумшаган. Мамлекеттик басылмалар аймакта түркмөн жарандарынын жана чет өлкөлүктөрдүн эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирип келишет.

Ошол эле маалда Авазда эс алган жарандар адатта кызмат көрсөтүүнүн сапатына, интернеттин начардыгына, баалардын жогорулугуна, көңүл ачуучу жайлардын жетишсизигине жана көпчүлүк жерлерди сүрөткө тартууга тыюу салынганына нааразы болуп кайтышат.

XS
SM
MD
LG