Маалыматка караганда, Рахмон Нью-Йоркто "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" деп аталган эл аралык аракеттердин он жылдыгына арналган БУУнун иш-чарасына катышат.
Эмомали Рахмондун АКШга сапары 24-мартка чейин созулат. Анын алкагында тажик лидери БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен да жолугат деп күтүлүүдө.
Тажикстан буга чейин суу маселеси боюнча БУУга көптөгөн сунуштарды берген. Тажик аткаминерлери БУУда Душанбенин сунушу менен сууга байланыштуу бир нече резолюция кабыл алынганын сыймыктануу менен айтып келишет. Ошол эле маалда Тажикстан калкынын бир бөлүгү бүгүнкү күнгө чейин таза суу менен камсыз болгон эмес.