Ссылки доступа

Астанада "Алдаганды токтоткула!" деген жазуу менен митингге чыккан активист кармалды


Жарандык активист Галия Тамабаева. Астана шаары, 19-март 2023-жыл
Жарандык активист Галия Тамабаева. Астана шаары, 19-март 2023-жыл

19-мартта Астана шаарында "Алдаганды токтоткула" деген жазуу менен митингге чыккан жарандык активист Галия Тамабаева кармалды. Ал 238 киши каза болгон Январь окуялары боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Активистти дароо эле полиция кызматкерлери кармап кетишти. Ал "Токаев, Назарбаев — Гаага сотунда жооп берсин", — деп кыйкырууга үлгүргөн.

Астаналык укук коргоочу Артур Алхастовдун айтымында, жекшемби күнү шаарда ондогон киши кармалды. "Алардын ичинен бир аял гана плакатын көтөрүп, өз ураанын кыйкырууга үлгүрдү. Мындан тышкары полиция кызматкерлери көчөдөн өтүп бараткан бир нече кишини да кармап кетти окшойт. Бул кармоолорду мыйзамсыз", – деди Алхастов.

Буга чейин 19-мартта Астанада активисттер Марат Мусабаев менен Амангелди Жахин кармалганы кабарланган. Алар жекшемби күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого каршы нааразылык билдирүү үчүн шаардын борбордук бөлүгүнө баратканда кармалган. Бул күнү шаарда дагы бир активист Айбек Сабитов да кармалганы белгилүү болгон.

Азырынча казак бийлиги активисттердин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG