Президент өз сөзүндө ошондой эле дүйнөдөгү кырсыктар менен согуштук жаңжалдардын фонунда коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маанилүү экенин белгиледи.
"Биз да дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ынтымагыбызды сактап, көп улуттуу мамлекетибизде тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуунун канчалык маанилүү экенин аңдап-сезишибиз кажет", – деди президент.
Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин Тажикстан менен чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.
Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып, акыркы эки жылдан бери эң ири куралдуу кагылыштар катталды.