Ссылки доступа

Мамлекеттик департамент: Тажикстан бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды 1992-жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө деп атады.

Мекеменин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 2022-жыл үчүн даярдаган баяндамасында Тажикстандын Конституциясы көп партиялуулукту кепилдей турганы, бирок бийлик саясий плюрализмге тоскоолдук кылып жатканы жазылган.

Ар жылкы баяндаманын авторлору президент Эмомали Рахмондун уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустами Эмомали 2020-жылы тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланып, атасынан кийинки өлкөдөгү экинчи кишиге айланып, мураскер болуп калганын белгилешкен.

"2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин эмес жана адилетсиз өткөн… Бардык күч түзүмдөрү менен Бажы кызматы түздөн-түз президентке баш ийет. Биздеги маалыматтарга ылайык, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көптөгөн мыйзамга каршы келген иштерди жасашат", – деп жазылган Мамдепартаменттин баяндамасында.

Анда ошондой эле Эмомали Рахмондун тушундагы буга чейинки бир дагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жана ачык өтпөгөнү белгиленген.

"Мындан тышкары Тажикстанда жарандарды саясий себептер менен камакка алуу, кыйноо, өлтүрүү, журналисттерди коркутуу, сөз жана дин эркиндигин чектөө сыяктуу адам укуктары бузулган учурлар да катталууда", – деп жазылган баяндамада.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Мамлекеттик департаменттин бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

Акыркы жылдары эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда адам укуктары бузулган учурлар боюнча өлкө бийлигин бир канча жолу сынга алышкан.

Өткөн жумада дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды "жабык" өлкө деп тапкан. Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

XS
SM
MD
LG