Ссылки доступа

АКШнын Казакстандагы адам укуктарына баасы: Кыйноолор, адам өлтүрүү жана бийликтеги коррупция


Өрттөнүп жаткан акимчилик имаратынын алдындагы митинг катышуучусу. Алматы шаары, 5-январь 2022-жыл
Өрттөнүп жаткан акимчилик имаратынын алдындагы митинг катышуучусу. Алматы шаары, 5-январь 2022-жыл

20-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анын Казакстанга арналган бөлүгүндө 2022-жылдагы Январь окуялары бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалына терс таасирин тийгизгени белгиленген.

"2022-жылы Казакстанда бийлик өкүлдөрү тарабынан же бийликтин атынан адам өлтүрүүлөр, кыйноолор, саясий камакка алуулар, сөз эркиндигин жана ЖМКлардын ишин чектөө учурлары болду. Мындан тышкары пара алган жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган аткаминерлер тандалма соттолду. Жемкорлук дале болсо кеңири жайылган. Аткаминерлер менен укук коргоо кызматкерлери коррупция үчүн өтө сейрек жоопко тартылат", – деп жазылган баяндамада.

Анда былтыр жыл башында болгон Январь окуялары учурунда өлгөндөрдүн саны расмий айтылгандай 238 эмес, андан да көп болушу мүмкүн экени белгиленген.

"Укук коргоочулар ал окуялар маалында 260ка жакын адам каза болгонун айтып жатышат. Бирок өлгөндөрдүн толук аты-жөнү жана алардын өлүмүнө эмне себеп болгону жарыяланбагандыктан, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарга өлгөндөрдүн так санын айтуу оор болууда", - деп жазылган баяндамада.

Мамдепартамент белгилегендей, Январь окуялары учурунда кармалган жарандарды кыйноого алган кызматтык адамдардын көбү мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылбай, кыйноолор боюнча иштер толук тергелген жок. Ошондой эле кыйноого байланыштуу жоопко тартылган түрмө кызматкерлери менен полициянын өкүлдөрүнө карата жеңил өкүмдөр чыккан.

Баяндамада Казакстанда бийликти сындаган жарандардын жакындарына басым жасалып, өкмөт сөз эркиндигине жана журналисттердин ишине тоскоолдуктарды жаратып, интернет мейкиндигин көзөмөлдөп, жакпаган маалыматтарды бөгөттөй турганы белгиленген.

"Астана Шинжаңдан качып келип, качкын макамын берүүнү өтүнүп жаткан адамдарга колдоо көрсөткөн жок. Казакстанда туруктуу жашап жүргөн каракалпак активисттери Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалып, камакка да алынды. Мындан тышкары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын эмгегин пайдалануу, балдарды сабоо, аялдарды зордуктоо, харассмент, ЛГБТ коомчулугуна болгон мамиле өңдүү көйгөйлөр дале чечиле элек. Майып адамдарга да жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт", – деп жазылган баяндамада.

Мамлекеттик департамент Казакстандын бийлиги жарандардын өлкө ичинде эркин көчүп-конуп жүрүүсүнө, чет өлкөлөргө чыгуусуна тоскоолдук жаратпастыгын жана алардын бул укуктарын сыйлай турганын белгилеген.

Азырынча расмий Астана АКШнын Мамлекеттик департаментинин бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG