Ссылки доступа

АКШнын Мамлекеттик департаменти: Өзбекстанда кыйноолор уланып, аткаминерлер жазасыз калууда


Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндаманын Өзбекстанга арналган бөлүгүндө былтыр июль айында болгон Каракалпакстан автоном республикасындагы нааразылыктардын кесепетине өзгөчө көңүл бурулган.

Анда Нукус шаарындагы акциянын катышуучулары күч менен таратылып, кармалган журналисттер менен активисттер бир нече жума бою тышкы дүйнө менен байланышсыз кармалып турганы белгиленген.

"Далилдер жетишсиз болсо да укук коргоочулар өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын саны расмий айтылгандан көп экенин билдирип жатышат. Human Rights Watch уюму "коопсуздук күчтөрү тынч демонстранттарды таратуу үчүн адамды өлүмгө алып бара турган куралдарды негизсиз колдонгонун жана ашыкча чараларга жол бергенин" билдирген", - деп жазылган баяндамада.

Мындан тышкары баяндамада мыйзамсыз кармоолор, кыйноого алуу сыяктуу адамды кемсинткен жазалоонун башка түрлөрү, абактардагы начар абал, көз карандысыз сот бийлигинин алсыздыгы, адамдын жеке жашоосуна мыйзамсыз кийлигишүү, ЖМКлардын ишинин олуттуу чектелиши, интернеттин бөгөттөлүшү, активисттердин тынч жыйындарга чогулуу эркиндигине кийлигишүү, жарандардын эркин жана таза шайлоолор аркылуу бийликти тынч жол менен алмаштыруу мүмкүндүгүнүн жоктугу, алардын өлкөнүн саясий жашоосуна аралашуусунун чектелиши, жемкорлук, аткаминерлердин жазасыз калышы, сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык тармагындагы кызматтардын жеткиликсиздиги өңдүү адам укуктарына байланышка олуттуу көйгөйлөр тизмектелген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын эл аралык статистикалык жана укук коргоо уюмдары менен кызматташтыкта дээрлик 50 жылдан бери даярдап келет. Анда түрдүү өлкөлөрдөн топтолгон маалыматтардын эл аралык мыйзамдарга жана БУУ тарабынан кабыл алынган Адам укуктары боюнча жалпы декларацияга дал келер-келбеси каралат.

XS
SM
MD
LG