Ссылки доступа

Ашхабадда жубайлар менен алардын 11 жаштагы уулу өлтүрүлдү


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Ашхабад шаарынын Хитровка районунда 15-мартка караган түнү бир үй-бүлө киши колдуу болду. Жубайлар жана алардын 11 жаштагы уулун өлтүрүү шеги эки киши кармалды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы укук коргоо органдарындагы өз булагына таянуу менен билдиргендей, кылмышкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнө бир нече жолу бычак сайып өлтүрүшкөн. Алардын ити да киши колдуу болгон.

Баштапкы маалыматтарга караганда, 25 жана 27 жаштагы шектүүлөр борбор калаага аймактардан келишкен.

Маркумдардын кошуналары ал күнү батирден ызы-чуу угулганын, бирок эч ким дароо полиция чакырбаганын айтышкан.

Өз булактардын маалыматына караганда, кайгылуу окуяга чейин шектүүлөр маркумдардын үйүн ремонттошкон жана төлөнгөн суммага нааразы болуп калышкан.

Кылмышкерлер үйдөн буюм-тайымдар менен кошо өлгөн кишилердин телефондорун да алып кетишкен. Анын негизинде укук коргоо кызматкерлери аларды бир нече саат аралыгында эле колго түшүргөн.

Түркмөнстанда соңку бир нече жылдан бери киши өлтүрүү менен аяктаган карактоо учурлары көбөйгөнү айтылып келет.

XS
SM
MD
LG