Ссылки доступа

Талибан Куштепе каналын Өзбекстан менен өз ара түшүнүшүүнүн негизинде курууга даяр


Талибан өкмөтүнүн премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, молдо Абдул Гани Бародар Ооганстан Өзбекстан менен өз ара түшүнүшүүнүн негизинде Амударыяда Куштепе каналын курууну ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов менен 22-марттагы жолугушуусу учурунда айтты.

Бародар Твиттердеги баракчасына жазгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзбек тарап Куштепе каналынын курулушу боюнча техникалык жактан кызматташууга даярдыгын билдирген.

Ал каналдын курулушу эки тараптуу мамилелердин бекемделишине салым кошорун белгилеген.

Өзбек басылмалары билдиргендей, долбоордо Куштепе каналынын туурасы 100 метрди, узундугу 285 чакырымды түзөрү көрсөтүлгөн. Курулуш аяктагандан кийин Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүгүндөгү райондорго бурулат. Бул Өзбекстандын бир катар аймактарында суунун тартыштыгын жаратуусу мүмкүн.

Мурдараак Абдулазиз Камилов баштаган делегация 22-мартта Кабулда талибдердин расмий өкүлдөрү менен жолукканы кабарланган.

Өзбекстан – 2021-жылы августта Ооганстандагы бийликти басып алган талибдер менен кызматташкан аз өлкөлөрдүн бири.

Талибан кыймылы түзгөн өкмөттү эл аралык коомчулук тааный элек.

XS
SM
MD
LG