Ссылки доступа

Түркмөнстан: полиция мыйзамсыз короз уруштурууга катышкандарды таркатты


Түркмөнабат шаарында полиция кызматкерлери Нооруз майрамына карата мыйзамсыз уюштурулган короз уруштурууга катышкан тургундарды таркатышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 21-марттагы короз уруштурууга көрүүчү катары 100дөн ашык киши чогулган. Алар бул иш-чарага акча төлөп киришкен. Бирок алгачкы короздор аянтчага чыгарылары менен полиция кызматкерлери келип, чогулгандардын баары качып кетишкен.

Түркмөнстанда бейрасмий короз уруштурууларды көзөмөлдөй турган мыйзам жок. Бирок өлкөнүн Административдик укук бузуулар кодексинде жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу жана аларды кордоо үчүн жоопкерчилик каралган.

Буга чейин "Азаттыктын" түркмөн кызматы Түркмөнстанда полиция кызматкерлери мыйзамсыз ит уруштурууга каршы рейддерди өткөрүп жатканын кабарлаган. Түркмөн мыйзамдарына ылайык, ит уруштуруу атайын тукумдагы иттердин ортосунда жана ыйгарым укуктуу орган бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлүшү керек.

Видео

XS
SM
MD
LG