Ссылки доступа

АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси: Шайлоо социалдык толкундоолордун тобокелдигин жогорулатты


Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо жарандардын көбүн иренжитип, социалдык толкундоолордун тобокелдигин жогорулаткан сыяктуу. Бул тууралуу RAND Corporation изилдөө борборунун илимий кызматкери, 1992-1994-жылдары АКШнын Казакстандагы элчиси болуп иштеген Уильям Кортни билдирди.

Ал "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде бул шайлоо "буга чейинкилердей эле атаандаштыкта өтпөгөнүн" белгиледи.

"Өкмөт оппозицияны шайлоого катыштырбоо үчүн көп аракеттерди жасады. Жанболат Мамай өңдүү кылмыш жоопкерчилигине тартылган саясий лидерлер бар. Айрым активисттер шайлоого бир күн калганда же добуш берүү күнү куугунтукка кабылып, камакка алынды", – деди дипломат.

Кортни жалпысынан бул "атаандаш шайлоо эмес", "Назарбаев стилиндеги шайлоолордун уландысы болгонун" белгиледи.

АКШнын мурдагы элчиси 2022-жылдын башындагы Январь окуяларынын негизги себеби болгон социалдык-экономикалык абалга жана теңсиздикке байланышкан маселелер бүгүнкү күнгө чейин чечилбегенин белгиледи.

"Адилеттүү жана эркин өтпөгөн президенттик же парламенттик шайлоолор абалды жакшыртпайт. Таза өткөндө балким социалдык толкундоолорду азайта алмак. Ошондуктан көптөгөн жөнөкөй казакстандыктарды иренжиткен шайлоодон улам толкундоолордун потенциалы кыйла жогору болушу мүмкүн", – деди Кортни.

Америкалык дипломаттын пикиринде, Казакстандын бийлиги азыр авторитардык ыкмаларды колдонууда. Ал бүгүнкү күндө казак коомчулугу андай ыкмаларга жана өкмөткө ишенбей турганын белгилеп, авторитардык ыкма "социалдык-саясий толкундоолор тобокелдигин көбөйтүшү мүмкүн экенин" кошумчалады.

"Катардагы казакстандыктардын социалдык-экономикалык реалдуулугу менен алардын жарандык коом катары күткөн нерселеринин ортосундагы ажырым күчөп барат. Эгер өкмөт адамдарга саясий пикирлерин айтууга көбүрөөк мүмкүндүк берип, жарандык коомду бекемдөө үчүн кадамдарды жасабаса, башаламандыктардын башталып кетүү тобокелдиги өсөт. Өкмөт өз легитимдүүлүгүн бекемдегиси келсе, анда жөнөкөй адамдардын социалдык-экономикалык абалын жакшырта турган чыныгы реформаларды тез арада жасашы керек", – деди Кортни.

XS
SM
MD
LG