Ссылки доступа

Тажикстанда динаятчы Мухаммади Рахматулло кайра сегиз жылга соттолду


Мухаммади Рахматулло. 2007-жылы тартылган сүрөт
Мухаммади Рахматулло. 2007-жылы тартылган сүрөт

Тажикстанда тыюу салынган "Салафия" диний агымынын лидерлеринин бири эсептелген Мухаммади Рахматулло сегиз жылга соттолду. Мындай чечимди Душанбедеги Исмоили Сомони райондук соту чыгарды.

Рахматуллонун бир тууганы Юсуф Мухаррамов агасы Кылмыш кодексинин "Экстремизм" боюнча соттолгонун айтты.

Мухаммади Рахматулло кармалганы тууралуу өткөн жылы ноябрда кабарланган. Ал 2-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетине сүйлөшүүгө чакырылып, дароо камалган.

"Мага агам диний темада сүйлөгөн кайсы бир сөзү же насыяты үчүн кармалганы гана белгилүү. Башка эч нерсе билбейм. Ал эч жерде иштечү эмес, паспорту да жок. Мечитке да барчу эмес, көбүнчө үйдө эле отуруп, көчөгө сейрек чыкчу", - деген анда Юсуф Мухаррамов.

Мухаммади Рахматулло 2016-жылы "Экстремисттик уюм түзүү" беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолгон. 2021-жылы жайында мунапыс менен эркиндикке чыккан.

Тажикстанда "Салафия" диний агымы 2009-жылы мыйзамсыз деп табылган. 2014-жылы декабрда өлкөнүн Жогорку соту кыймылды экстремисттик уюм деп жарыялаган.

2022-жылы жайында "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму "салафиттик топтордун ыктымал мүчөлөрүн туруктуу түрдө камакка алып жатканы үчүн" Тажикстан бийлигин сынга алган.

XS
SM
MD
LG