Алардын билдиришинче, эң көп кездешкен мыйзам бузуулар – байкоочуларга тоскоолдук жаратуу жана бюллетендерди алдын ала белгилөө.
Башка мыйзам бузуулардын катарында байкоочуларга протоколдорду берүүнү кечеңдетүү да бар. Маселен, протоколдордун бирин шайлоо өткөн күндүн эртеси араң беришкен.
Быйыл "Көз карандысыз байкоочулардын" ишине өздөрүн студент катары тааныштыргандар жана талапкерлердин ишенимдүү өкүлөрү тоскоолдуктарды жараткан. Маселен, студенттер бул уюмга байкоочу катары катталып, бирок добуш берүү тилкелерине барган эмес, барса да жараянга байкоо салышкан эмес.
"Көз карандысыз байкоочулар" сотко беш арыз тапшырууга ниеттенип жатат.
Шайлоодо мыйзам бузуулар катталганын буга чейин "Эркиндик канаты" фондунун байкоочулары да билдиришкен.
Жергиликтүү байкоочулардан башка ЕККУнун байкоочулары да добуштарды саноо, жыйынтык чыгарууда көйгөйлөр болгонун белгилешүүдө. Алар бюллетендерди жапырт таштоо учурлары көп катталганын айтууда.