Ссылки доступа

"Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арыз каралып жатат


Бүгүн 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арызы каралып жатат.

"Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлигинин экспертиза боюнча өтүнүчүн четке кагууну суранды. Сот кеңешүүгө кетти.

17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканалында жарыяланган материалында улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирген.

Министрлик "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин "Настоящее время" телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, "Азаттык" "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз" деп комментарий берген.

Ушул тапта "Азаттыктын" сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. "Азаттык Медиа" мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

XS
SM
MD
LG