Ссылки доступа

Алматыда "адилетсиз шайлоого каршы" пикет өткөргөн активист кармалды


26-мартта Алматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын активисти Влада Ермольчева “адилетсиз шайлоого каршы” пикет өткөрдү.

Акция учурунда активист “демократия”, “Конституция”, “шайлоо укугу”, “Жаңы Казакстан” деген жазуусу бар шарларды жарды.

Ар бир шарды жарардын алдында: “Бизден демократияны уурдап кетишти. Бизден Конституцияны уурдап кетишти. Бизден шайлоо укугун уурап кетишти. Бизден Жаңы Казакстанды уурдап кетишти”, - деп айтып турду.

Акция беш мүнөттөн ашык созулган жок. Ага жарандык кийимчен киши келип, пикеттин “мыйзамсыз” экенин айтып, андан соң кармап кетти. Активист полиция бөлүмүнө жеткирилди.

“Демократияга болгон үмүтүбүздүн баары шардай жарылып калды”, - деп айтты активист.

Бир сааттан кийин Влада Ермольчева полиция бөлүмүнөн чыкты. Андан түшүнүк кат алышкан. Алдыда активистти “Тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу” беренеси боюнча административдик сот күтүп турат.

Казакстанда 19-мартта мажилиске жана маслихатка шайлоо өтүп, депутаттык мандаттардын көбүн бийликтеги “Аманат” партиясы алган. Көз карандысыз байкоочулар шайлоо жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG