Ссылки доступа

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү


26-мартта Түркмөнстанда мажилис депутаттарын (парламент), мындан тышкары облус, район, шаардык кеңештин өкүлдөрүн шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00гө карата шайлоочулардын 91,12% добуш берди.

Ошол эле маалда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары шайлоо тилкелерине өтө көп киши келбегенин билдиришти. Шайлоочулар шайлоо тилкелеринин жооптуу адамдарынын уруксаты менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан да бюллетендерди толтурушканы белгиленүүдө.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бириндеги шайлоого оппозициядан талапкерлер катышпаганы айтылды.

Депутаттыкка талапкерлерди Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер партиясы, Агрардык партия жана жарандык демилгечил топтор көрсөттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү Халк маслихатына 2516 талапкер, жергиликтүү кеңештерге 12098 талапкер катталган.

2020-жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен Түркмөнстан парламенти эки палаталуу системага өткөн. Жогорку палатасы Халк маслихаты деп аталат. 2021-жылы биринчи жолу парламенттин жогорку палатасына шайлоо өтүп, Гурбангулы Бердымухамедов Конституцияны бузуп, палатанын мүчөсү, андан соң анын төрагасы болуп алган.

Бирок быйыл январда Гурбангулы Бердымухамедовдун сунушу менен парламент кайрадан бир палаталуу болуп өзгөрүп, Халк маслихаты мурдагы президенттин жетекчилиги алдында бийликтин эң жогорку органы болуп калган. Бердымухамедов “түркмөн элинин улуттук лидери” аталып, ал таасирдүү ыйгарым укуктарга ээ болуп калды.

XS
SM
MD
LG